21 млн тонна! Атлантика океанында сүзүп жүргөн желим таштанды эсептелди

Жалпы океандарда чогулган желим таштандынын өлчөмү 200 миллион тоннага жеткендиги болжолдонууда.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын Улуттук океанография борборунун адистери Атлантика океанынын үстүңкү катмарында 12 миллиондон 21 миллион тоннага чейин таштанды сүзүп жүргөнүн эсептеп чыгышты. Бул тууралуу Nature Communications журналына таянуу менен "Известия" басылмасы жазды.

Окумуштуулардын айтымында, бул өткөн жылкыга салыштырмалуу он эсеге көп. Изилдөө үчүн Атлантика океанынын ар кайсы аймагынан 200 метрге чейинки тереңдиктен суу алынган. Экспертиза көрсөткөндөй, океандан желимдин үч түрдөгү үлгүсү — полиэтилен, полипропилен жана полистирол табылган.

Жер бетиндеги эң жогорку температура катталган аймак аталды

Буга чейин адистер 1950-жылдан 2015-жылга чейин Атлантикадагы желим таштандынын өлчөмү 17 миллион тоннага жетет деп болжолдошкон. Бирок жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн желимдин үч түрүнөн эле 21 миллион тонна чогулганы белгилүү болду.

Мындан тышкары, окумуштуулар жер жүзүндөгү жалпы океандарда чогулган желим таштандынын өлчөмү 200 миллион тоннага жеткендигин болжолдошууда.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, океандагы желим таштандынын эсебинен эле эмес, синтетикалык кийимдерди жуугандан да чогулган. Анткени океандын кирдешинин дагы бир себеби боёк болушу мүмкүн.

Адистердин пикиринде, жер жүзүндөгү океандарда 200 миллион тоннага чейин желим таштанды бар.