Ат-Башыда медиктер Жээнбековдон ооруканасын оңдоп берүүнү суранды

Дарыгерлер негизги көйгөйлөрдүн бири катары жугуштуу илдеттер бөлүмүндө орундар жетишсиз экенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын ишмердиги менен таанышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда дарыгерлер негизги көйгөйлөрдүн бири катары бейтаптар үчүн орундардын жетишсиздигин айтып, оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүн оңдоп берүүнү өтүнүшкөн. Бул үчүн 1,5 миллион сом талап кылынат.

Жээнбеков "аталган бөлүмдү оңдоо маселеси сөзсүз түрдө каралат" деп жооп берген. Муну менен бирге келечекте 50 орунга ылайыкталган жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу пландалып жатканын белгилеген.

Ооруканадагы электрондук кезек… Жээнбеков санариптешүүнүн жүрүшүн көрдү

Ал эми райондук оорукананын материалдык-техникалык базасы жана жабдуулары заманбап талаптарга жооп берери айтылат. Анда өпкөнү жасалма желдетүүчү 6 аппарат, 54 кычкылтек концентратору, 2 рентген аппараты, 2 гастроскопия аппараты бар.

Бүгүнкү күндө бардык зарыл жабдыктар сатып алынып, оорукана электрондук медицинага өтүүгө толук даяр экенин айтышкан.

Соңунда мамлекет башчы коронавирус пандемиясына каршы күжүрмөндүк менен күрөшкөндүгү үчүн өлкөнүн дарыгерлерине дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.