Жыл башында калктын акчалай кирешелери көбөйгөн

Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы — эмгек акысы болду. Тагыраагы, жалпы кирешенин 71 пайызын эл айлык катары алган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 2020-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 112,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 пайызга көп.

Улуттук банк эски акчаларды алмаштыруу, алтын куймаларын сатууну жандантты

Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы — эмгек акысы болду. Тагыраагы, жалпы кирешенин 71 пайызын эл айлык катары алган.

Баса, өткөн айда Кыргызстанга мигранттар которгон акчанын көлөмү дагы өстү. Мисалы, июнь айында сыртта жүргөн мекендештер 277,9 миллион доллар жөнөткөн.