TikTok дүйнө жүзүндө тездик менен жайылууда. Социалдык тармактагы тренддерди дүйнө элдери колдоп-коштоодо. Көчө аралаган саркеч жаштар тууралуу кийинки тренд Кытайдан тарады.
Мындай роликтер Интернетте өтө популярдуу. Кычырай кийинип, чач жасалгасы өзгөчө болгон жаштар көпчүлүккө жакты. Пандемия мода артынан кубалагандарга тоскоолдук боло алган эмес. Бет кап кийимдин ажырагыс бөлүгүнө айланып, коопсуздук үчүн эле эмес, образды толуктоочу кошумча деталь болуп калганын көрүүгө болот.
Соцтармакта #ChineseStreetFashion деген хештег да пайда болгон. Көчөдө бараткандардын арасында кадимки кийим-кече кийгени да, айтылуу дизайнерлердин колунан чыккан костюмдарды да кийгени бар. Мындан тышкары, кытай стритстайлынын ар кыл стилине арналган аккаунттар да иштеп жатат. Роликтердин популярдуулугу күндөн күнгө артууда.
Андан соң бишкектиктер да бул жөрөлгөнү улантып кетишти.