1-класстан башка бардык окуучулар биринчи чейректи аралыктан окумай болду

Эгер эпидемиологиялык кырдаал жакшырып калса, экинчи чейректе мектептердин эшиги ачылып калышы ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. – Sputnik. Жаңы окуу жылында биринчи класстын окуучуларынан башка бардык балдар аралыктан билим алат. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда айтты.

Анын айтымында, 1-сентябрда биринчи каласстар гана мектепке барат. Калган окуучуларды биринчи чейректи аралыктан окутуу чечими кабыл алынды. Эгер эпидемиологиялык кырдаал жакшырып калса, экинчи чейректе мектептердин эшиги ачылып калышы ыктымал.

1-класстарды мектепте окутуу тартиби жарыяланды. Ата-энелерге кулак кагыш

Өкмөт башчы абал турукташып келе жатканына карабай бардык санитардык нормалар аткарылышы зарыл экенин белгиледи.