Малинин президенти козголоң чыккан соң отставкага кетти

Кечээ Малинин куралдуу күчтөрү президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан. Алар өкмөт мүчөлөрүн кармап алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Аскердик козголоң чыккан Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт бүгүн отставкага кетип, парламентти таратарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, кечээ Малинин куралдуу күчтөрү президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан. Кечке жуук премьер-министр Бубу Сиссе, президенттин уулу Карим Кейт жана коргоо министри Ибрахим Дахиру Дембеле камакка алынганы айтылган эле.

9-күн: Беларуста бүтүндөй эмгек жамааттар митингге чыгууда

Президент козголоңчулардын колуна түшкөн соң билдирүү таратканы белгилүү болду.

"Мен кызматымды таштоону чечтим. Бийликти кармап туруп алып, кан төгүлүп кетишин каалабайм. Өкмөт менен парламент дагы таратылат", — деди президент мамлекеттик теленин түз эфири аркылуу.

Жакынкы сааттарда ошол эле телеканалда козголоңчулардын элге кайрылуусу көрсөтүлөрү кошумчаланды.