Малидеги аскердик козголоң. Өкмөт башчы менен президенттин уулу камалганы айтылууда

Аскер кызматкерлери президент Ибрагим Бубакара Кейттин кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууда. Ал эми өкмөт көтөрүлүшчүлөрдү ынтымакка жана патриоттуулукка чакырып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Малиде козголоңчулар бир катар министрлер менен даражалуу офицерлерди камакка алышты. Бул тууралуу ишенимдүү булактарга таянып РИА Новости жазды. 

Буга чейин ЖМКларда борбор калаа Бамакого жакын аскер базасында көтөрүлүш болгону айтылган.

9-күн: Беларуста бүтүндөй эмгек жамааттар митингге чыгууда

“Премьер-министр Бубу Сиссе, президенттин уулу Карим Кейт жана коргоо министри Ибрахим Дахиру Дембеле камакка алынды. Кармалгандардын арасында министрлер дагы бар”, — деп жазды LSI Africa порталы.

Аскер кызматкерлери президент Ибрагим Бубакара Кейттин кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууда. Ал эми өкмөт көтөрүлүшчүлөрдү ынтымакка жана патриоттуулукка чакырып жатат.