Августтун соңунда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат

Эмгек кодекси боюнча, майрам күндөр дем алышка туш келсе, эс алуу кийинки иш күндөрүнө жылдырылат. Бирок бул жолку Эгемендүүлүк күнү аптанын баштапкы иш күнүнө туура келген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Келе жаткан аптада кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргызстандыктар келе жаткан 29, 30, 31-август күндөрү эс алат. 29, 30-август ишемби, жекшемби болсо, 31-август — Эгемендүүлүк күнү. Ал календарда майрам катары кызыл менен белгиленген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

Эмгек кодекси боюнча, майрам күндөр дем алышка туш келсе, эс алуу кийинки иш күндөрүнө жылдырылат. Бирок бул жолку Эгемендүүлүк күнү аптанын баштапкы иш күнүнө, дем алышка удаа келген.