COVID-19: өткөн суткада оору бир кишинин өмүрүн алды

Акыркы жумаларда жугуштуу оорудан каза тапкандар кескин азайып, абал турукташып келе жатканы байкалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өлкөдө соңку суткада коронавирус инфекциясынан бир киши көз жумганын Республикалык штаб билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ өлүм статистикасы кайра каралып чыгып, буга чейин айтылган 1488 кишинин 437си коронавирустан эмес, башка дарттан өлгөнү аныкталганы айтылган болчу.

Маалыматка ылайык, көз жумган бейтап Баткен облусунда катталды.

Кечээ 312 киши коронавирустан сакайса, кайра 179 жаңы учур катталды

Расмий маалымат боюнча, коронавирустан каза тапкандар бүгүнкү бир киши менен 1 054 болду.