БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Европа биримдиги (ЕБ) Беларуста өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишелге таянып РИА Новости жазды.
Беларустагы абал боюнча өткөн чукул саммиттен кийин Брюссель республикадагы зордук-зомбулукка жана шайлоодогу бурмалоолорго жооптуу тараптарга каршы санкция киргизгени жатат. Тизмеге учурдагы өлкө президенти Александр Лукашенко да киргизилиши мүмкүн.
Европа кеңешинин башчысы Беларустун бийлигин абалдан чыгуу үчүн күч колдонбоого чакырат. Саммитте ошондой эле Беларусь элине 53 миллион евро каражат бөлүнөрү айтылган.
Кремль Беларустагы кырдаалды жайгаруу үчүн жардамга даяр экенин билдирди
Германиянын канцлери Ангела Меркель саммиттен кийин Беларусь азыркы кырдаалдан ич ара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чыга аларын, сырттан кийлигишүү болбошу керектигин билдирген. Меркель шайлоо таза, акыйкат өтпөгөнүн белгилейт. Ал кошумчалагандай, Евробиримдиктин лидерлери демонстранттарга каршы күч колдонууну, миңдеген беларустуктун камалышын сынга алган. Мындан сырткары, уюм сөз эркиндигине жана тынчтык митингдердин өтөрүнө кепилдик болушу үчүн Лукашенконун режимин күч колдонууну токтотууга чакырганын кошумчалады.
Германиянын канцлери ЕБ Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ортомчулугу менен Беларусь оппозициясы сунуштап жаткан улуттук диалогго барууну жактай турганын белгиледи.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эсеби боюнча Александр Лукашенко 80,1 пайыз добуш алган. 10,12 пайыз добушка ээ болгон талапкер Светлана Тихановская экинчи орунда калган.
Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама
Оппозиция бул жыйынтыкты тааныган эмес, Тихановская болсо Литва өлкөсүнө чыгып кеткен.
Республикада эки аптадан бери санкцияланбаган нааразычылык акциялары өтүп, ал күч органдары тарабынан токтотулуп келет. Акцияга чыккандарга карата адегенде көздөн жаш агызуучу газ, суу менен атуучу техника, катуу үн чыгаруучу тарсылдактар жана желим октор колдонулган. Кийинчерээк күч органдары митингчилерди кубалап таркатуусун токтоткон.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, нааразычылык акциясынын алгачкы күндөрүндө 6,7 миңден ашуу митингчи кармалган. Жүздөгөн адам, алардын катарында күч органынын 120 кызматкери да жапа чеккен. Акциянын катышуучуларынын үчөө каза болгон.