Балыкчыда каржы пирамидасын уюштурган делип 7 аял камакка алынды. Сүрөттөр

Милициянын айтымында, шектүүлөр 10 миллион сомдон ашык пайда көрүшкөн. Иштин оордугуна байланыштуу кесипкөй кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Балыкчы шаарында финансылык пирамида түзүүгө шектелген жети аял кармалды. Алар 10 миллион сомдон ашык пайда көргөнү аныкталып жатканын Ысык-Көл ОИИБ кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга пирамида тууралуу алданып калгандар билдиришкен.

"Жабыркагандардын айтымында, алар үлүшчү катары акчаларын Балыкчыдагы "Ырыскы" жана "Ак куу" аталышындагы финансылык уюмдарга беришкен. Уюштуруучулар элге каражат инвестиция кылышса, ири пайызда үстөк төлөп берерин айтып ишендиришкен", — деп айтылат маалыматта.

Түшкөн арыздардын бардыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 214-беренеси ("Каржы пирамидаларын уюштуруу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Иштин оордугуна жана ири зыян алып келгендигине байланыштуу, ошондой эле кылмыштын бетин аз убакытта ачуу үчүн облустагы кесипкөй кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

Балыкчыда каржы пирамидасын уюштурган делип 7 аял камакка алынды. Сүрөттөр

Анын натыйжасында каржы пирамидасын уюштурган деп Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну Зульфия, 28 жаштагы Алина, 38 жаштагы Жазира, 31 жаштагы Чынара, 35 жаштагы Асель, 51 жаштагы Гүлмира жана 55 жаштагы Атыркүл аттуу аялдар кармалган.

Тармактык маркетингге ишенсе болобу? Оңой акча табуунун пайда-зыяны

Ал эми 18-август күнү соттун чечими менен кылмышка шектүү аялдар эки айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Учурда каржы пирамидасына алданып калгандардан түшкөн арыздар токтой электиги кошумчаланды.