Радио

Нурматов: вирус организмге аз өлчөмдө кирсе оору жеңил өтөт

Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов обочолонуу, бет кап тагуу эрежелери эмнеге киргизилгендигин түшүндүрүп берди.
Sputnik

Вирус организмге аз өлчөмдө кирсе оору жеңил өтөт. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Нурматов: вирус организмге аз өлчөмдө кирсе оору жеңил өтөт

Анын айтымында, коронавирустун симптому жок өткөн учурлары жоокерлер арасында көп катталган.

"Эгер вирус илештирип алган адам оорубаган кишиден алысыраактан чүчкүрсө, аз өлчөмдөгү вирус жугушу ыктымал. Оорубаган адам бет капчан болсо андан да азыраак. Ал эми бейтап да бет капчан болсо такыр эле жукпай калышы толук мүмкүн. Ошондуктан обочолонуу тартиби киргизилип, бет кап тагуу, эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталууда. Бул эрежелерди сактаган учурда вирус жугуп калса да аз өлчөмдө организмге киргендиктен, адам көп кыйналбай жеңил түрү менен ооруп айыгып кетет. Эгер аталган тартипти сактабай, вирус илештирип алган адам менен өтө жакындан байланыш түзсө, бет кабы жок жанында көп убакыт болсо көп өлчөмдөгү вирусту жутуп алып, жыйынтыгында оор түрүнө кабылышы ыктымал", — деди Нурматов.

Нурматов: коронавирус күзүндө кайтып келиши ыктымал

Дарыгер ооруга чалдыккан учурда да дүрбөлөңгө түшпөй, адам өз абалын жеңилдете аларын кошумчалады.