Россиянын батыш чек арасындагы чыңалуу. АКШ Польшага эмнеге аскер жөнөтүүдө

Буга чейин Польшада америкалыктардын 4,5 миңдей жоокери бар болчу. Буга кошумча кылып дагы 1000 аскер бармай болду.
Sputnik

Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын аскер контингентинин кеңейиши боюнча пикир айтты. Анын баамында, коопсуздукту камсыздоо дегени менен Вашингтон таптакыр башка максаттарды көздөөдө.

Вашингтон менен Варшава кошумча күч жайгаштыруу боюнча макулдашып, Польшага дагы 1000 америкалык аскер жөнөтүлдү. Мунун баары Россияны тизгиндеп туруу үчүн керек имиш. АКШнын чынында ою эмнеде экенин биздин видеодон көрүүгө болот.