Радио

Исмаилова: пандемияга практикалык жактан таптакыр даяр эмес элек

Врач высшей категории, терапевт в одной из клиник Ала-Букинского района Джалал-Абадской области Феруза Исмаилова
Жогорку категориядагы дарыгер, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы ооруканалардын биринин терапевт-кардиологу Феруза Исмаилова аймактагы саламаттык сактоо тармагынын абалы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Исмаилова: пандемияга практикалык жактан таптакыр даяр эмес элек
Исмаилова: пандемияга практикалык жактан таптакыр даяр эмес элек

Башында рентген, лабораторияларыбызда ооруну аныктаганга ПЦР, ИФА-тесттери, кычкылтек концентратор да жок, ошону менен бирге бет кап, антисептик абдан жетишсиз эле. Азыр алгоритм бар, илдет менен күрөшүүнү жолго салып алганбыз. Бул тууралуу Феруза Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, региондордогу бейтапканаларды медициналык жабдуулар менен камсыздоону жакшыртуу керек.

Жаманов: COVID-19 медиктерден кийин эле чек арачыларга сокку урду

“Болушунча аракет кылып, издендик. Биздин райондо жашаган бейтаптарга тиешелүү жардам көрсөтүп жаттык. Бирок бизден алыс жайгашкан чаткалдыктар районго жете албай кыйналышты. Бул жерде жол маселеси да бар. Эгер адам оор абалда болсо, бизге жетпей калышы да толук ыктымал эле. Ошодуктан дарыгерлер өздөрү ал жакка барып жатышты. Муну менен кадр маселеси өтө курч экенин белгилеп кетким келет. Айылдарда дарыгерлер медайымдын же алар врачтын милдетин аткарган учурлар көп. Биз аларга телефон аркылуу жардам берип жаттык. Айылдагы бейтапканаларда оору менен күрөшүүгө керектүү каражаттар жетпей, өтө оор учурду башынан өткөрүштү. Ошондой эле коронавирус жуктуруп алып, өз алдынча дарылангандар да болду. Бизге бейтаптар оор абалда келип жатышты. Кеч кайрылгандыктан айрымдары каза болуп калышты. Азыр алгоритм бар, илдет менен күрөшүүнү жолго салып алганбыз. Учурда Ала-Бука районунда эпидемиялык абал көзөмөлдө”, — деди Исмаилова.

Дарыгер ушу тапта Ала-Бука районунда коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүлүп, дарыгерлер окуудан өтүп, жетишсиз болгон жабдуулар четинен алынып жатканын кошумчалады.