Бүгүн өлкө аймагында 155 кишиден коронавирус чыкты

Жаңы катталган бейтаптардын үчөө медицина кызматкерлери экени айтылды. Алар Бишкек менен Ош шаарларында жана Жалал-Абад облусунда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында 155 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта мунун үчөө медицина кызматкерлери экени айтылат.

  • Бишкек - 40;
  • Ош – 11;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу - 14;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Жалал-Абад облусу – 24;
  • Баткен облусу - 12.

Вирус илештирип алгандардын жалпы саны 42 146 киши болду.