Базар-Коргондо дыйкандар 5 400 тонна күрүч өстүрүп, 20 пайызын экспорттойт

Райондо 10 860 гектар жер колдонулат, анын ичинен 500 миң тоннага жакын дан эгиндерин жыйноо пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда шалы оруп жыйноо иштери башталды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук медиаборбору билдирди.

Райондо алгачкылардан болуп шалыны жыйноо иштери Сейди-Кум айыл аймагында башталган.

"Учурда дыйкандардын көпчүлүгү эгиндин бышышын күтүп жатат. Ал эми аны оруп жыйноого заманбап техника тартылган. Айыл тургуну Абдужапар Умаров бул жылы беш гектар жерге шалы айдаган. Азыркы тапта эгини бышып, түшүмүн алып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек

Облус жетекчилигинин маалыматы боюнча, быйыл Базар-Коргондо 1 270 гектар жерге шалы эгилип, 5 400 тонна күрүч өндүрүү пландалган. Ал эми анын 20 пайызын чет мамлекетке экспорттоого белсенип турушат. Жазында дыйкандарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар да берилгени айтылат.

Бул райондо 10 860 гектар жер колдонулат, анын ичинен 500 миң тоннага жакын дан эгиндерин жыйноо пландалууда.