Жээнбеков менен Мадумаров Баткенди өнүктүрүүнү талкуулады. Жасалчу иштер

Президент бюджеттин тартыштыгына карабастан, Баткен облусун өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо үзгүлтүккө учурабашы керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта, вице-премьер Акрам Мадумаров менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул туурасында мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди. 

Жээнбеков менен Мадумаров Баткенди өнүктүрүүнү талкуулады. Жасалчу иштер

Анда коронавирус пандемиясы шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү чаралары, ошондой эле Баткен облусун өнүктүрүү маселелери талкууланганы айтылат.

Жээнбеков Баткенде чек арачыларга жолугуп, чогуу тамактанды. Сүрөт

Мадумаров бул багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берип, жакында өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьерлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр мерчемделгенин айткан.

"Мамлекет башчы коңшу элдердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө үчүн элдик дипломатия ыкмаларын кеңири колдонуунун зарылдыгын баса белгиледи. Ал эми калкы катаал шартта жашап жаткан Баткен облусун өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр менен колдоо көрсөтүү керектигине токтолду. Бюджеттин тартыштыгына карабастан, бул жаатта пландаштырылган бардык программаларды каржылоо үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация объектилерин реабилитациялоо жана салуу, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, медициналык мекемелерди, логистикалык борборлорду куруу боюнча маанилүү социалдык-экономикалык программалар ишке ашырылат.

Ошондой эле президент кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин активдештирүү маанилүү экенин белгилеген.