Каратаев: быйыл былтыркыга салыштырмалуу адам өлүмү аз

Чиновник өлүм статистикасы тууралуу элге маалымат берип, эки жылдын жети айын салыштырган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстанда катталган өлүм статистикасын маалымдады.

Анын айтымында, быйыл каза тапкандардын саны былтыркыдан көп болгон эмес.

437 адам COVID-19дан өлгөн эмес. Министрлик статистиканы кайра карап чыкты

2019-жылдын жети айында жалпы 19 346 өлүм (100 миң калкка 301,3 учур) катталган. Ал эми быйыл ушул эле мезгилде 18 799 адам (100 миң калкка 287 учур) көз жумган.