Милиционерлер жоголуп кеткен 6 жаштагы Чыңгызды тапты. Сүрөт

Чыңгыз Шамшиев бүгүн кечинде жоголуп кеткен. Ленин районундагы милиционерлер баланы таап, үй-бүлөсүнө тапшырды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында жоголгон алты жаштагы Чыңгыз Шамшиев табылды. Бул туурасында Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милиционерлер жоголуп кеткен 6 жаштагы Чыңгызды тапты. Сүрөт

Бала 16-августта саат 17:20лар чамасында Ак-Өргөө конушундагы үйүнөн чыгып кетип, үй-бүлөсү таппай калган.

Тартип коргоочулар Чыңгызды аталган конуштагы дүкөндүн жанынан аман-эсен таап, ата-энесине тапшырган. Баланын үй-бүлөсү милиционерлерге ыраазылыгын билдирген.