Бишкектеги кызыл жалын. Имарат ээси өрт атайылап коюлганын айтып чыкты. Видео

"Навигатор" кафесинин жанындагы имаратта 11-август күнү саат 20:40та өрт чыккан. Анын ээлери окуянын иликтенишин талап кылып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкектеги Москва жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги чыгармачылык студиясын атайын өрттөшкөн. Бул тууралуу өздөрүнүн Twitter баракчасына "Навигатор" кафесинин кожоюндары жазды.

Эске салсак, аталган даректеги "Навигатор" кафесинин жанындагы имаратта 11-август күнү саат 20:40та өрт чыккан.

Бишкек — Ош жолунда эки бензовоз өрттөнүп, бир киши каза болду. Видео

"Көрсө ал жакка атайын от коюлуптур. 60 пайызы күйүп кеткен имарат "Навигатор Групп" компаниялар тобуна тиешелүү. Ички иликтөө жүргүзүп, видеокөзөмөлдөгү кадрларды көрдүк. Бир киши чыгып кеткен соң 10-15 мүнөттөн кийин өрт чыгыптыр. Бул нерсе тезинен иликтенишин талап кылабыз. Анткени биздин коноктордун, кызматкерлердин жашоосуна коркунуч жаралды. Тегеректеги имараттар, андагы шаар тургундары дагы жабыркашы мүмкүн болчу", — деп жазылат видеонун сүрөттөмөсүнө.

Кадрлар "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчүлөр жети мүнөттүн ичинде келишкен. Бирок имаратты сактап калууга мүмкүн болгон эмес.