Шахтёрлор ооруп... Окумуштуулар COVID 2012-жылы эле чыкканын болжошууда

Алты кытайлык кен казуучу шахтаны жарганаттын кыгынан тазалагандан кийин коронавирустун симптомдору менен ооруп калышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Коронавирустун жаңы COVID-19 деп аталган түрү 2012-жылы кытай шахтасында пайда болушу мүмкүн. Бул туурасында The Sun британиялык гезити жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, ошол кезде Юньнань провинциясынан алты кытайлык кен казуучу эки жумадай шахтаны жарганаттын кыгынан тазалагандан кийин ооруп калышкан. Аларды дарылаган медиктер бейтаптардан COVID-19 жаңы коронавирусуна мүнөздүү белгилерди, тагыраак айтканда, өпкөнүн сезгениши, кургак жөтөл, кол-буттардын оорушу жана дене табынын көтөрүлгөнүн каттаган.

Коронавирус жуктурган биринчи адам ким экени жарыяланды

Кийинчерээк тоо кенчилердин анализдеринин үлгүсү Ухандагы лабораторияга изилдөөгө жөнөтүлгөн. Жергиликтүү адистер бардык бейтаптар атиптүү пневмонияга окшош коронавируска чалдыкканын аныкташкан. Мындан улам, окумуштуулардын пикиринде, COVID-19 адамдын организмине эбак эле көнүп калышы толук ыктымал.