Баткенден башка аймакта өлүм жок. COVID-19дан бир киши көз жумду

Бүгүн коронавирустан мерт болгон адам катталды. Кыргызстандын башка аймактарында адам өлүмү болгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир киши каза болгонун Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Өлкөнүн башка аймактарында адам өлүмү катталган эмес.

Пандемия катталган күндөн тарта илдеттен 1 496 киши набыт болду.