Радио

Хакимов: санитардык талапты аткарбаган маршрутканын үч айдоочусу иштен кетти

Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармылыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов борбор калаада коомдук транспорт атайын талаптарга ылайык иш алып барып жатканын айтты.
Sputnik
Хакимов: санитардык талапты аткарбаган маршрутканын үч айдоочусу иштен кетти

1-июндан бери үч миңдей коомдук транспорт текшерилип, 222 протокол түзүлүп, жалпы 383 миң сомго айып пул салынды. Бул тууралуу Сатыбалды Хакимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавируска байланыштуу карантин башталганда эле коомдук транспортко атайын талаптар коюлган.

Бишкекте "Электрондук унаа токтотмо" иштей баштайт. Шарттары

"Ар бир айдоочу бет кап тагынып, антисептик колдонушу керек. Ошондой эле транспорттун ичинде дезинфекциялоо үчүн каражаттар болушу зарыл. Мындан тышкары, ар бир жүргүнчү маска тагынып жүрүүсү шарт. Бул шарттарды бузгандарга тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Мен билгенден маршруттук кичи автобустардын үч айдоочусу иштен кетирилди. Ошондой эле айрымдарына эскертүү берилип, айып пулдар салынды. Алсак, 1-июндан тартып үч миңдей коомдук транспорт текшерилип, жалпы 222 протокол түзүлүп, 383 миң сомго айып пул салынды. Ошондой эле такси кызматкерлери санитардык талаптарды так сактоо менен иштеши керек", — деди Хакимов.

Ал коомдук транспорттор эртең менен, түшкө маал жана кечинде толугу менен дезинфекцияланарын кошумчалады.