Казакстан автобус чыгарып, Кыргызстанга экспорттоону пландап жатат

Заводдун ачылышы акырындык менен өлкөдөгү эскилиги жеткен коомдук транспортту жаңылап алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Россия, Кыргызстан, Иран, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө экспорттого болот.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Казакстандын Караганда облусунда ушул жылдын декабрь айында жүргүнчү ташуучу Yutong автобустарын чыгарган завод ачылат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ишкана жылына 1 200 автобус жана 400 атайын техника чыгарары айтылууда.

"Заводдун ачылышы акырындык менен өлкөдөгү эскилиги жеткен коомдук транспортту жаңылап алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Россия, Кыргызстан, Иран, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө экспорттого болот", — деп айтылат кабарда.

Бишкек мэриясы электробустарды жүргүзүү үчүн каражат тапты

Yutong — дүйнөдө жүргүнчү ташуучу транспортту өндүргөн эң ири ишканалардын бири. Анын товарлары дүйнөлүк сегменттин 15 пайызын ээлейт.