Боронов Жээнбековго: ишкерлерге насыя берүүдө бюрократияны болушунча азайттык

Өкмөт башчынын айтымында, учурда ишкерлерди колдоо программасынын алкагында бөлүнгөн 14 миллиард сом өздөштүрүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус пандемиясы шартында социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Боронов COVID-19 боюнча кырдаал жакшырып, илдетти жуктургандардын саны бир топ азайгандыгын айткан. Кырдаалды мындан ары жакшыртуу жана дары-дармектердин корун түзүү багытында бардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеген.

Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, азыркы тапта ишкерлерди колдоо программасынын алкагында бөлүнгөн 14 миллиард сом өздөштүрүлүп жатат.

Бир айда даяр болсун! Боронов жылытуу мезгилине даярдык боюнча талап койду

"Аймактардагы ишкерлерди колдоо, аларга жеңилдетилген насыя берүүдө бюрократиялык иш-аракеттер болушунча азайтылды. Насыя алууда банктык документтердин саны жетиден үчкө чейин кыскартылды", — деди Боронов.

Андан соң Жээнбеков көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу боюнча иштерди күчөтүү жаатында деталдуу план иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

"Мамлекет башчы коронавируска байланышкан кырдаалдын бир эле саламаттык сактоо тутумуна эмес, экономикага жана социалдык чөйрөгө дагы тийгизген таасирлери боюнча комплекстүү анализ жүргүзүү зарылдыгына токтолду. Ошону менен катар күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүнү баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Жээнбеков парламенттик шайлоого бардык санитардык талаптарды сактоо менен даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын натыйжалуу уюштурулушун камсыздоого көңүл бурган.