1-класстар мектепке күн сайын барып окумай болду

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин окуучуларды аралыктан окутуу пландалып жатат. Бирок буга чейин кенже класстардын ата-энелери балдарды мектептен окутуу боюнча суранып келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жаңы окуу жылында 1-класстын окуучуларын кадимкидей күн сайын мектепте окутуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун учурдагы социалдык-экономикалык абалды талкуулап жаткан учурунда белгилүү болду.

"Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалга жүргүзүлгөн анализдин натыйжасында 1-класстардын окуучуларын мектепте окутуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын президентке билдирди", — дешти өлкө башчынын маалымат кызматынан.

Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши

Буга чейин 1, 5, 9 жана 11-класстарды күн алыс мектепте окутуу сунушу каралып жаткан.

Эске салсак, пандемияга байланыштуу былтыркы окуу жылдын акыркы чейреги аралыктан окуу жолу менен аяктаган.