Кремль Беларустагы кырдаалды жайгаруу үчүн жардамга даяр экенин билдирди

Мамлекет башчылар президенттик шайлоодон кийинки Минскидеги кырдаал жана сырттан жасалган басым боюнча пикир алышканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко менен Россия лидери Владимир Путин бүгүн, жекшембиде, телефон аркылуу сүйлөшүп, сырткы күчтөрдүн басымы тууралуу талкуулашты. Бул туурасында РИА Новости Кремлдин маалымат кызматына таянуу менен билдирди.

Анын алкагында президенттик шайлоодон кийинки Минскидеги кырдаал жана сырттан жасалган басым боюнча пикир алышканы айтылат. Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) багыты менен Беларустагы көйгөйдүн чечилишине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

"Россия тарап союздаш мамлекеттерди түзүү келишиминин принциптеринин негизинде көйгөйдүн чечилишине тиешелүү көмөк көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Ошондой эле эгер муктаждык жаралса, ЖККУнун линиясы боюнча да жардамдашарын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Беларусь жана Россия лидерлери ушуну менен президенттик шайлоодон кийин экинчи жолу телефондон сүйлөшүп жатат.

Беларусь республикасында 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир топ адам жабыр тарткан.

Тихановскаянын штабы Лукашенконун бийликтен кетишин талкуулоого даяр экенин айтты

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өткөн жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, анда учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкканы белгилүү болгон.