Эртеңден тарта Казакстан карантиндик чектөөлөрүн жумшартат

17-августтан баштап калкты тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары, финансылык мекемелер иштей баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Эртеңден баштап Казакстан карантиндик чектөөлөрдү жумшартып, борбор калаа Нур-Султанда бир катар мекемелер иштей баштайт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

17-августтан баштап калкты тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары, финансылык мекемелер иштей баштайт.

Анткен менен бардык жарандар бет кап кийүү, аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарды пайдалануу сыяктуу санитардык эрежелерди кармоого милдеттүү.

Ал эми иштөөсүнө тыюу салынган тармактардын катарын мурдагыдай эле массалык эс алуу жайлары, мончо, СПА-салондор, түнкү клубдар түзөт. Ошондой эле той-топурга дагы уруксат берилбейт.

Эске салсак, коңшу өлкөдө 5-июлдан тарта катаал карантиндик чектөөлөр коюлган. Айдын аягында өкмөт башчы Аскар Мамин мындан улам коронавирус жуктургандардын саны 29 пайызга кыскарганын айткан. Акыркы маалыматтарга караганда, Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 102 миңден ашты.