Дүйнөдө COVID-19дан өлгөндөрдүн саны боюнча дагы рекорддук көрсөткүч катталды

Бишкек убактысы боюнча саат 10.30дагы маалыматка караганда, дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 21 394 639га жетти. Алардын ичинен 755 786 киши каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кечээ дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 21 миллиондон ашып, бир сутка ичинде 9 985 киши каза болду. Бул пандемия башталгандан бери көз жумгандар боюнча эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири экенин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Акыркы суткада 294 237 жаңы учур катталып, 9 985 киши өмүрү менен кош айтышты. Өлүмдүн саны боюнча бул эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Биринчи учур 17-апрель күнү катталган. Анда 24 саат ичинде 12 453 адам өлгөн эле", — деп жазылат кабарда.

Россияда коронавируска каршы вакцина чыгарыла баштады

Бишкек убактысы боюнча саат 10.30дагы маалыматка караганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 21 394 639га жетти. Алардын ичинен 755 786 адам каза тапты.

Эске салсак, ДССУ ушул жылдын 11-мартында COVID-19 пандемиясын жарыялаган.