Чоң Чүй каналына 13 жаштагы бала чөгүп кетип, кечээтен бери изделүүдө

Тестиер кечээ саат 13.00 чамасында Новопокровка айылы тарапта каналга чөмүлгөнү барып чөгүп кеткени айтылат. 
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Социалдык тармакта Чоң Чүй каналына (ЧЧК) 13 жаштагы бала чөгүп кеткени туурасында маалымат тарап жатат.

Маалыматты жайгаштырган автор водолаздарды чакырууга жардам сурап телефон номерин калтырган. Sputnik Кыргызстанга тестиердин агасы 20га чукул тууганы кечээтен бери издеп жатышканын билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ, 15-августта, саат 13.00 чамасында Новопокровка айылы тарапта болгон. Баланы табуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алты куткаруучу барган.

“Ал менин тууганым болчу. Чөмүлөм деп дагы эки бала менен велосипедчен каналга барган экен. Аны суунун катуу агымы тартып кеткенин айтышууда. Каналдын эки жээгин үч жолу кыдырып чыктык. Бизге азыр водолаздарды кычкылтек менен камсыздай турчу жабдуулар керек болуп жатат”, — деди ал.

ӨКМ: бир жумада беш киши сууга чөгүп кеткен, анын төртөө балдар

Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар (0703) 85-58-99 номери аркылуу байланышса болот.