Шашылыш билдирүү! Апта башында Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги айылдарында сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 18-19-август күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, апта башында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу айылдарында нөшөр болот.

Ошондой эле синоптиктер Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда дагы жамгыр катуу жаай турганын эскеретет.

Тоолуу жерлерде кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

Шейшембиде күндүз жана шаршембиде түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланышы мүмкүн. Айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал.

Мындай өзгөрмөлүү аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатары айтылат.

Мындан сырткары, катуу жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги айылдарында сел жүрүшү мүмкүн экени эскертилди.