Сутка ичинде коронавирустан 355 кыргызстандык сакайды

Өлкөдө июль айына салыштырмалуу коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны азая баштагандыгын статистика көрсөтүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 355 адам коронавирустан айыгып үйүнө чыкканын Республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча карай келгенде көрсөткүч төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 108;
  • Чүй облусу – 37;
  • Ош облусу – 52;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 52;
  • Жалал-Абад облусу – 48;
  • Баткен облусу – 20;
  • Ош шаары – 21.

Ушуну менен республикада оорудан сакайып кеткендердин саны 34 306 адамга жетти.

Кечээ COVID-19дан Кыргызстандын бардык аймактары боюнча 329 бейтап жакшы болуп кетти.