Бишкек: аутизм менен ооруган 6 жаштагы Чыңгыз изделүүдө. Сүрөт жана белгилери

Бала бүгүн жоголуп, табылбай жатат. Ал Ак-Өргөө конушунда жашайт. Чыңгыздын туугандары менен милиция баланы табууга жардам сурап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкекте 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев жоголуп табылбай жатат деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.

Бишкек: аутизм менен ооруган 6 жаштагы Чыңгыз изделүүдө. Сүрөт жана белгилери

Бүгүн, 16-августта, саат 17:20лар чамасында бала Ак-Өргөө конушундагы үйүнөн чыгып кетип, кайрылып келген эмес.

Бою 130 сантиметр, кой көздүү, чачы күрөң, кыска кыркылган. Сол акырегинде так бар, аутизм менен жабыркайт, кыйналып сүйлөйт. Кызгылт сары футболка, боз шым, бутунда илип алма тапичке кийип жүргөн.

Бала тууралуу маалымат билгендер болсо милиция төмөнкү телефондорго кайрылууну сурайт: (0555) 10-21-49, (0502) 10-21-49, (0703) 68-68-83, (0707) 55-78-87, (0707) 55-78-87 жана 102.