БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жетекчилиги эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколордун катышуусунда өзгөчө беттеш даярдап жатканын MMA Uno спорттук порталы жазды.
Маалымат боюнча, алгачкы жолу бир тууган кыздар чогуу турнирде беттешет. Кармаштар ушул жылдын 21-ноябрында UFC 255 турниринин алкагында өтмөкчү.
Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди
Спорттук иш-чаранын башка беттештеринин биринде Валентина бразилиялык Женнифер Майя менен кармашып, чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоп калганга жан үрөйт.
Ошол эле убакта Антонина бразилиялык дагы бир мушкер Ариана Липски менен күч сынашат.
Соңку беттешинде 35 жаштагы Антонина калыстардын чечими менен америкалык Кэтлин Чукагянга утулган. Анда дагы промоутерлик компания өзгөчө беттеш тартуулаган. Тагыраагы, Валентинага утулган Чукагян анын эжеси менен жолуккан болчу.