Көрүп сүйлөшсө болот. Telegram мессенджерине видеочалуу кошулду

Мессенджер жети жыл ичинде өзүнө 400 миллион активдүү колдонуучуну топтой алганын айтып, алардын суранычы менен видеочалууну киргизгенин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Telegram мессенджери жети жылдык мааракесин утурлай видеочалуу кызматын кошконун РИА Новости жазды.

Азырынча функция Android OС базасындагы смартфондордун колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү экендиги белгиленди.

WhatsApp жаңы функцияны ишке киргизип жатат

"2013-жылы маалыматтарды коопсуз алмаша алган анча чоң эмес тиркемени иштеп чыктык эле. Азыр эми өсүп-өрчүп, өзүнө 400 миллион активдүү колдонуучуну топтой алды. Ушул тапта эл көптөн бери суранган кызматты кошуп жатабыз. Эми катталуучулар бири-бирин көрүп дагы сүйлөшө баштайт. Жакшы жери — видео аркылуу сүйлөшүп жатып эле аны экрандан жылдырып коюп, чатта жазыша берсе болот. Мындан сырткары, анимациялык быйтыкчалар дагы көбөйтүлгөн", — деп жазылган мессенджердин расмий блогунда.

Ошондой эле учурда Android түзүмүнөн тышкары iOS колдонуучуларына да видеочалууну киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.

Мындан сырткары, жакынкы күндөрү видео аркылуу бир нече адам бир убакта кошулуп сүйлөшө алгыдай мүмкүнчүлүктөр каралып жатат.