Россияда коронавируска каршы вакцина чыгарыла баштады

Дарыны өндүрүүдө Россиянын түз инвестициялар фонду да каржылык жардам көрсөткөн. Учурда 20 өлкөдөн миллиард доза сатып алуу боюнча суроо-талап бар.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19га каршы вакцинаны чыгаруу иши башталганын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Дары Гамалея атындагы улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан.

Президент Владимир Путин Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирустун алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган болчу. Вакцина "Спутник V" деп аталды.

Дарыны өндүрүүдө Россиянын түз инвестициялар фонду да каржылык жардам көрсөткөн. Анын жетекчиси Кирилл Дмитриев учурда 20 өлкөдөн миллиард доза сатып алуу боюнча суроо-талап бар экенин билдирген.

Муну менен ал Россия вакцинаны өндүрүү боюнча беш өлкө менен макулдашканын кошумчалайт. Анын айтымында, өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 500 миллион доза чыгарууга мүмкүндүк берет.

COVID-19: россиялык вакцинанын каршы көрсөтмөлөрү айтылды

Дары каражаттарынын мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, вакцина кан тамырга берилүүчү дары сыяктуу суюктук болот. Эмдөөнү эки этапта жүргүзүү пландалып жатат: башталышында I компонент, үч аптадан кийин II компонент сайылат.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, эки жолку эмдөө схемасы эки жылдык мөөнөткө чейинки узак иммунитетти түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мекеме ошондой эле дарынын клиникага чейинки жана андан кийинки иликтөөлөрү боюнча маалыматтарды жарыялаган.

Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко чет өлкөлөрдөн айтылган сындар көбүнесе "маалыматтардын толук эместигине" байланыштуу болгонун белгилеп, вакцина буга чейин алты продукция өндүрүлгөн аянтчада чыгарылганын кошумчалайт.