Россиялык медиктер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баш бакты. Сүрөт

Россиялык дарыгерлер коноктор китебине жылуу пикирлерин калтырып, дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучунун чыгармачыл дүйнөсүнө баш бакканына кубанып турганын айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Россиядан келген ак халатчандарды Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине алып барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов башында турган бир катар медицина кызматкерлерин жазуучунун уулу Элдар Айтматов өзү тосуп алган.

Ал атасынын жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, конокторго залкардын акыркы эмгеги болгон "Тоолор кулаганда" китебин тапшырган.

Россиялык дарыгерлер коноктор китебине жылуу пикирлерин калтырып, дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучунун чыгармачыл дүйнөсүнө баш бакканына кубанып турганын айтышкан.

Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү

Пандемия башталгандан бери Россия Кыргызстанга ПЦР-тест, реагент, жеке коргонуучу каражат жана медициналык каражаттар жаатында кол кабыш кылып келе жатат. Ушул эле иш-чаранын алкагында жергиликтүү медиктерге жардам берүү үчүн Россиядан ондогон адистер келишкен.

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи 2014-жылы Бишкекте ачылган. Жазуучунун жашаган, чыгарма жараткан үйүн көрүү үчүн окуучулар, студенттер, туристтер, чет элдин президенттери, сыйлуу коноктор, ошондой эле каалаган адамдар келип турушат.