Радио

Үсөналиев: окутуунун онлайн да, оффлайн да режимине даярдык көрүлүүдө

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев окуу жылына карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Sputnik
Үсөналиев: окутуунун онлайн да, оффлайн да режимине даярдык көрүлүүдө

Эпидемиологиялык абал начар аймактар "кызыл зона" деп белгиленип, окутуу аралыктан жүрөт. Ал эми оорунун жайылышы токтоп калган аймактар "жашыл зона" катары белгиленип, окуу реалдуу режимде өтөт. Ошондуктан министрлик онлайн жана оффлайн режимде окутуу үчүн даярдыктарды көрүп жатат. Бул тууралуу Марат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуу жылдагыдай эле 1-сентябрда башталат.

Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши

"2020-2021-окуу жылын баштоо үчүн министрлик беш консультативдик топ иш алып барды. Анын натыйжасы менен 2-3 вариант сунушталууда. Санитардык-эпидемиологиялык абалга жараша аймактар "кызыл зона" жана "жашыл зона" болуп бөлүнөт. Эгерде коронавируска байланыштуу абал жакшы болсо, окутуу реалдуу режимде жүргүзүлөт. Ал эми оору кеңири жайылган аймакта жайгашкан мектептер аралыктан окушат. Маселе негизинен Бишкек жана Ош шаарларында жаралып жатат. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан реалдуу окутууга уруксат берилсе, ата-эненин макулдугу менен окуучу мектепке барат. Эгерде ата-эне баласынын ден соолугу үчүн кооптонуп жатса, аралыктан окутуу боюнча арыз жазат. Эң негизгиси министрлик тарабынан онлайн жана оффлайн түрүндө сабак берүү үчүн бардык даярдыктар көрүлүүдө", — деди Үсөналиев.

Ошондой эле ал реалдуу режимде окугандардан мектеп формасы талап кылынбай турганын кошумчалады.