Бишкектин четинде унаа оодарылып кетип, беш киши жабыркады. Видео

Окуя кечээ кечинде болгон. Бишкекке бара жаткан Lexus RX300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай кырсыктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкектин четинде унаа беш кишиси менен оодарылып кеткенин Sputnik агенттигине Чүйдүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Тимур Мирсадык уулу билдирди.

Машина талкаланган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

"Lexus RX300 борбор калааны көздөй бара жаткан. Болжолдуу маалыматтар боюнча айдоочу унааны башкара албай анча бийик эмес тосмону сүзгөн. Унаанын ичинде беш киши болгон. Бардыгы ооруканага жеткирилди", — деди Мирсадык уулу.

Автокөлүк айып короого токтотулуп, жол кырсыгы териштирилип жатат.