БИШКЕК, 15-авг.— Sputnik. Күнүмдүк тамак-ашка колдонуп жүргөн азыктар деле сексуалдык каалоону күчөтүүгө жардам берет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна сексолог жана психолог Сергей Ланг айтып берген.
Ал белгилегендей, табиятта көптөгөн афродизиактар, тагыраагы, адамдын төшөк кумарына болгон ышкысын арттырган азыктар бар. Ага маселен рукола салаты кирет.
"Рукола — бул өзү афродизиак, аны илгертеден бери жыныстык каалоону күчөтүп, бел кубатты чыңдоо үчүн колдонушкан. Өсүмдүк витаминдерге бай келгендиктен иммундук системаны да жакшыртат. Мындан сырткары, афродизиак катары деңиз азыктарын, осьминогду жана кофени колдонсо болот", — деген Ланг.
Аялдар төшөк кумарынан эмнеге баш тартат. Адистердин жаңы иликтөөсү
Ошол эле учурда сексолог бир гана рукола төшөк маселесин чече алат деген ойдон алыс болуш керектигин белгилеген.
"Эгер түгөйлөрдө бул жаатта көйгөй болуп жатса афродизиактарды колдонуу менен гана андан арылабыз дебеш керек. Сексуалдык каалоо мээден келет, ошондой эле ички мамиле менен ден соолуктан көз каранды", — деген адис.
Ал негизинен башкы маселелерди чечкенден кийин гана афродизиактардан натыйжа күтсө болорун кошумчалаган.