Быйыл алты айда Кыргызстандан сыртка канча акча которулду?

Өлкөнүн башкы банкы жарым жылда КРден чыгарылган акчаны эсептеп чыкты. Анын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу ондогон миллион долларга азайган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстандан которулган акча каражаттардын көлөмү 213,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Аталган сумманы жеке тараптар түрдүү системалар аркылуу жөнөтүшкөн.

Ал эми 2019-жылдын январь-июнь айларында КРден 247,6 миллион доллар сыртка которулган.

Ал эми кыргызстандык мигранттардын мекенине жиберген акчасы кескин жогорулаган.

Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын көлөмү өстү

Эске сала кетсек, 2020-жылдын июнь айында 49,9 миллион которулса, өткөн жылдын ушул эле айында 37,8 миллион келген.

Ушул жылы чет өлкөгө эң аз акча которуу апрель айында катталып, ал 17,7 миллион долларды түзгөн.