Ыктыярчы Адинайдын аты берилген сейил бактын көрүнүшү. Сүрөттөр

Жаңы сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы ыктыярчы Адинай Мырзабекованын аты коюла турган сейил бактын сүрөттөрүн жарыялады.

Эске салсак, Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабында ачыла турган жаңы паркка коронавирус менен күрөшүүдө каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштаган.

Сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, парк жакын арада пайдаланууга берилет.

Анда сейилдөөдөн тышкары ден соолукту чыңдоо үчүн зоналар каралып, атайын материал төшөлгөн.

Каза болгон ыктыярчы Адинай Мурзабекова Эрдик медалы менен сыйланды

"Кичине балдар менен сейилдеген ата-энелерден коляска менен спорттук аянтчаларга кирбей эле коюусун өтүнөбүз. Ал үчүн асфальт жана брусчатка төшөлгөн чоң аймак бар. Ал аркылуу коңшу "Ынтымак-1" сейил багына өтүп кетүүгө болот", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Шаардыктардын ыңгайы үчүн бул сейил бакка 100дөн ашык отургуч жана таштанды челектер орнотулду.