Медиктердин социалдык абалы жакшырат. Жээнбеков Жалал-Абадда

Мамлекет башчы саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү аркылуу көмүскө экономиканы азайтып, андагы каражат айлык акыга жумшаларын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында медициналык объектилердин иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбековго 100 орундуу облустук клиникалык оорукананын курулушун көрсөтүшкөн. Ошондой эле президент оорукананын Тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратына баш баккан. Ал кийинки жумадан тартып толугу менен иштеп баштайт.

Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда

Өз кезегинде мамлекет башчы дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатып, социалдык абалын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын айткан.

"Биз саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү аркылуу көмүскө экономиканы азайтып, өлкө бюджетине тиешелүү каражаттардын келип түшүшүн камсыздоо боюнча иштеп жатабыз. Ал акчаларды социалдык тармактын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө багыттайбыз", — деген мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков ушул күндөрү түштүк аймагын кыдырып жүрөт. Кечээ Баткен облусуна барганда дагы оорукананын курулушу менен таанышкан болчу.