Көйгөйдүн баары ачыкталды. Президент Баткенде оңдолуп жаткан оорукананы көрдү

Өлкө башчы пандемия саламаттык сактоо системасынын бардык көйгөйүн ачыкка чыгарганын белгилеп, аны чечүү маселелери караларын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 90 орундуу оорукананы оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү август айынын аягында пландалган. Учурда Баткендин 116 миңден ашуун жашоочусун 45 орундуу гана жугуштуу оорулар бөлүмү тейлейт.

Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгилеген.

"Пандемия саламаттык сактоо системасынын бардык көйгөйүн ачыкка чыгарды. Коопсуздук кеңеши бир жарым жылдан бери бул тармактагы көйгөйдү иликтеди. Жакынкы аралыкта кырдаалды жакшыртуу үчүн маселени ар тараптуу карап чыгабыз", — деген президент.

Мамлекет башчы медицина кызматкерлеринин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.

Жээнбеков: экономикалык кыйынчылыктар элге таза суу жеткирүүгө тоскоол болбойт

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат.