БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Түркиянын авиакомпаниялары колго көтөргөн жүктү жүргүнчүнүн жанына алып алуусуна тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ички дагы, эл аралык дагы каттамдарга тиешелүү бул эреже убактылуу. Негизги максат — жүргүнчүлөрдү отургузуу процессин тездетип, коронавирустун тарап кетишин алдын алуу.
Эми учактын салонуна аялдардын, балдардын сумкасын, портфелдерди, ноутбук, зер буюмдарын жана сувенирлерди гана ала кирүүгө болот.
Сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү. Эмне талап кылынбайт?
Түркиянын жарандык авиация дирекциясынан билдиришкендей, жүргүнчүлөр мурда салонго ала кирип жүргөн башка баштыктарын жүк катары тапшырышы керек. Анын салмагы сегиз килограммдан ашпаган кезде акы төлөнбөйт. Ал эми жанына ала жүргөн сумканын салмагы төрт килограммдан төмөн болушу зарыл.
Эске салсак, өткөн жумадан тарта Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдары жанданган. Учурда Turkish Airlines, Avia Traffic Company жана Pegasus Airlines компаниялары аптасына эки иреттен Стамбул, Анталия шаарларына каттап жатат.