БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жан дүйнөнүн айрым көйгөйлөрүн көңүлдөн кыйкырык аркылуу чыгарса болорун жана анын өз ыкмасы бар экенин Sputnik радиосуна психиатр Юрий Вяльба айтып берди.
Анын билдиришинче, катуу эмоционалдык чыңалуу маалында кыйкырык стресстин эң жогорку чегинен арылтып, ички тең салмактуулукту калыбына келтире алат. Бирок сиз эл укпаган жерге барганыңыз туура, себеби башкалар өзүнө алып алышы белгилүү.
Эмнеге жубайлар тез ажырашып кетишет. Психологдун жообу
"Токой же бөлмөнүн ичинде кыйкырса болот. Бирок бул башкалар үчүн коопсуз болгону оң, муну жалгыз-жарым калганда жасаш керек. Дос-туугандардын же белгисиз адамдардын көзүнчө муну кылсаңыз, анда көйгөйдөн арылбай эле, тескерисинче, ашыкча баш ооруга кабыласыз.Кыйкыруу менен жан дүйнөдөгү аңтар-теңтер көйгөйдүн баары чечүү мүмкүн эмес, ал үчүн психоаналитиктер иш алып барышы керек. Бирок адам катуу эмоционалдык чыңалууда жүргөндө жардам берет", — деген Вяльба.
Ошондой эле кыйкыруу процесси психотерапевтке барганда колдонулары айтылат. Адистер кайсы адамдын ички сезимдерин жеген учурларды эстетүү менен кыйкыртат же катуу сүйлөтүшөт.