Россиялык адис Кыргызстандагы COVID менен күрөш тууралуу жакшы кабар айтты

Евгений Кустов Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташып келе жатканын белгиледи. Мындан улам Россиядан жардамга келген медиктердин иши 16-август күнү жыйынтыкталат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташып келе жатканын Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Кыргызстан бийлиги жана россиялык дарыгерлер: коронавирус менен андан ары кантип күрөшүү керек?" деп аталган брифингге катышууда.

Анын айтымында, республика боюнча вирустун жугуу деңгээли төмөндөп бара жатат.

"Азыр күнү-түнү иштечү стационарларда 13 миңдей орун бар. Алардын жарымынан көбү бошоду. Кырдаал жакшы жагына оой баштаганын көрүп турабыз. Учурда ооруканада жаткандардан сакайгандардын саны көп боло баштады. Демек, кырдаал турукташып келе жатат", — деди ал.

Кустов бул өз нугу менен кетип бара жаткан процесс экенин, бирок бийлик менен дарыгерлердин эмгеги чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, россиялык дарыгерлердин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү 16-август күнү жыйынтыкталат.

Россиялык медиктер кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүгө келди. Сүрөт түрмөк

Пандемия башталгандан бери Россия Кыргызстанга ПЦР-тест, реагент, жеке коргонуучу каражат жана медициналык каражат жаатында кол кабыш кылып келе жатат. Ушул эле иш-чаранын алкагында жергиликтүү медиктерге жардам берүү үчүн Россиядан ондогон адистер келишкен.