Бир айдан бери түтөп жатат! Бишкекте карьердеги өрт кантип өчүрүлүүдө. Видео

Дээрлик бир айдан бери калаанын түштүк тарабындагы быкшыган карьер өчүрүлбөй жатат. Күйүктүн жыты шаардын түштүк тарабын каптоодо. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары жерине барып, шаар бийлиги көйгөйдү кантип чечип жатканын көрүп келди.
Sputnik

Бул көйгөйдү биринчилерден болуп шаар тургундары айтып чыкты. Алардын бири Михаил Дудиндин билдиргенине караганда, сасык жыттан улам айнекти ачып уктоого мүмкүн болбой калган.

"Түн ортосунда киши чыдагыс жыттан улам ойгондум. Ошондон кийин бир нече күн айнектерди ачкан жокпуз. Өрт өчүрүүчүлөр келип, суу чачып кетишет. Бирок бир нече саттан кийин таштанды кайра күйө баштайт", — деди Бишкек тургуну.

Баса, карьер көптөн бери иштетилбей калган. 1990-жылдардын аягында бул жерден топурак алышчу. Кийин, шаардыктардын айтымында, карьерге кайрадан топурак төгүлчү, ал эми өткөн жылдын жайынан бери таштанды ыргытылып жатат. 2020-жылдын жазынан тарта таштандыларды тобу менен алып келип төгө башташкан.

Караңгыдагы алоолонгон жалын. Бишкектеги өрттүн асмандан тартылган видеосу

Отту өчүрүү үчүн кескин чаралар көрүлө баштаганын Октябрь районунун акиминин орун басары Таалайбек Акматбаев айтат.

"Азыр жеринде бульдозер иштеп, таштандыларды көтөрүп жатат. Биз анын алдындагы оттун тутанган жерин табышыбыз керек", — деди ал.

Орун басардын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары таштанды ыргыткан адамдарга бир нече жолу айып пул салышкан. Бирок шаардыктар көнгөн адатын токтотушкан эмес.