Ооруканадагы электрондук кезек… Жээнбеков санариптешүүнүн жүрүшүн көрдү

Учурда ордо калаадагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, тагыраагы, 19 медициналык мекемеде электрондук жазылуу тартиби киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков борбордогу эки мекеменин мисалында медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрү кантип санариптешип жатканы менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Бишкектеги №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Анара Шакеева мекемеде электрондук кезекке туруу системасы менен бейтаптардын электрондук амбулатордук картасы ишке киргенин айтып берген.

"Бул жарандардын жана медиктердин убактысын үнөмдөп, коридорлордо кезекке турууну кыйла кыскартууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ордо калаадагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, тагыраагы, 19 медициналык мекемеде электрондук жазылуу тартиби киргизилген.

Тааныш-билишти жоебуз! Президент кадр тандоонун жаңы ыкмасы ишке киргенин айтты

Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашууда Жээнбеков санариптештирүү мындан ары да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин белгилеген.

Ушул эле күнү президент Свердлов райондук мамлекеттик администрациясына барып, "Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту" аталышындагы тутум ишке киргизилгенин көргөн.

Аталган система субсидияларды жана жөлөк пулдардын автоматташтырылган эсебин иштеп чыгып, жөлөк пул алуучулардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзөт. Бул социалдык жөлөк пулдарды дайындоонун даректүүлүгүн жогорулатып, муктаж эместерди тизмеден чыгарууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бюджеттик каражатты кыйла үнөмдөй турганы белгиленет.