Жээнбеков жаңы паркка ыктыярчы Адинайдын ысымын ыйгарууну сунуштады

Мамлекет башчы медиктердин күжүрмөн эмгегин дагы бир ирет баса белгилеп, дарыгерлерден жардам сурап кайрылбаган адам жок экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабында ачыла турган жаңы сейил бакка Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков аталган паркка бүгүн, 11-августта, барган.

"Колдоо керек". Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

Мамлекет башчы медиктердин күжүрмөн эмгегин дагы бир ирет белгилеп, дарыгерлерден жардам сурап кайрылбаган адам жок экенин кошумчалады.

"Алардын иши көзгө көрүнбөйт. Бирок эң баалуу нерсе — өмүр үчүн күрөштө биз баарыбыз Кудайдан тилеп, дарыгерлерден жардам күтөбүз. Бул оор күндөрү аларга кошумча күч келип, адам өмүрү үчүн жоопкерчилиги артты. Дагы бир жолу биздин дарыгерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем", — деди Жээнбеков.

Президент ар бир мезгилдин өз баатырлары болорун, бүгүнкү күндүн баатырлары — дарыгерлер экенин белгиледи.

"Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген сайын биз Адинайдын жана баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели. Адинай келечекте дарыгер болууну кыялданып жүрүп, илдетке каршы алдыңкы сапта ыктыярчы катары күрөшүп жатып өз өмүрү менен кош айтышты. Мындай кызды тарбиялап чоңойткон ата-энесине таазим жана терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деди президент.

Жаңы сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, сейил бак жакын арада пайдаланууга берилет.